Карысы бардын ырысы бар
1-октябрь Эл аралык карылар күнүнө карата Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук комитети тарабынан атайын иш-чара уюштурулуп, ага райондун билим берүү тармагында көп жылдар үзүрлүү эмгектенген ардагер мугалимдер чакырылды.
Анда кесиптик бирликтин Ноокен райондук комитетинин төрагасы К.Нышанов, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси З.Усенов ардагерлерди куттуктап, каалоо сөздөрүн айтышты жана белектер тапшырылды.
Ошондой эле бул иш-чара райондогу бардык баштапкы кесиптик уюмдарында уюштурулуп, жогорку денгээлде өткөрүлдү. Ардагер агай, эжелер аларга көңүл буруп, сыйлап чакыргандары үчүн ыраазычылыктарын билдиришип, баталарын беришти.
Маалыматты даярдаган: Ноокен рай КБКнын инспектору Т.Бакиров