Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Карыларга урмат-сый

Аксы районунун Кербен шаарындагы Т.Уметалиев атындагы орто мектебинде карыларга жардам көрсөтүүнүн бир айлыгы жарыяланып, жогорку класстын окуучуларынын көтөргөн бул демилгесин класс жетекчилер, башка класстын окуучулары колдоого алышты. Алар шаардагы карыларга күзгү иштерине жардам көрсөтүшүп, Карылар күнүндө үйлөрүнө барышып, куттуктап кайтышты. Бул демилге жаш муундарды эмгекке, улууларды урматтоого тарбиялоого өбөк болмокчу. Жардамга барган окуучулар дайыма келип турарын билдиришип, карыларыбызды кубандырып кайтышты. Жакшы сөз көңүл көтөрөт демекчи, жаштардын бул демилгесине ыраазы болгон эне, аталарыбыз баталарын беришти. Карысы бардын ырысы бар демекчи дайыма бар болгула карыларам.

 

Маалыматты даярдаган: Т.Уметалиев атындагы орто мектебинин КБКнын төрайымы Н.Сейдилова