Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Карыларга урмат-сый көрсөтүлдү

КРнын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-апрелиндеги “Кыргыз Республикасында Балдарды, улгайган адамдарды жана майыптарды коргоонун эл аралык күнүн жыл сайын өткөрүү жөнүндөгү” №237 токтомунун  жана Кыргыз Республикасынын Президетинин Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2021-жылдын 29-сентябрындагы №03/2868 катынын негизинде, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областтык комитетинин төрагасы З.Бөтөков, Кызыл-Кыя шаарынын жашоочусу, 95 жаштагы Токто Джанбиловадан кабар алып улгайгандар күнүнө карата акчалай жардам берди.

Ошол эле күнү билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата бул тармакта көп жыл үзүрлүү эмгектенип, азыр ардактуу эс алуудагы Баткен шаарынын жашоочулары Р.Абдиевага жана Ж.Шамшидиновго  да матеираилдык жардам берилди.

 

Маалыматты даярдаган: Баткен областтык КБКнын адиси Гапарали уулу Мансур