Кароо-сынактар жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр сыйланды
2021-жылдын 24-майында Ноокен райондук билим берүү бөлүмүндө кароо-сынактардын жыйынтыктары боюнча жеңген мугалимдерди сыйлоо иш-чарасы болуп өттү.
Анда Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.Олжобаев, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук комитетинин төрагасы К.Нышанов катышты.
Андан сырткары “Жылдын мыкты класс жетекчиси”, “Жылдын мыкты предметтик каанасы”, “Жылдын мыкты усулдук каанасы”, “Жылдын мыкты социалдык педагогу” кароо-сынактарынын жеңүүчүлөрү жана катышуучулары катышышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө жетекчилер жеңүүчү мугалимдерди куттукташып, иштеринде мындан ары да чоң-чоң ийгиликтерди багындырып жүрө беришин каалашты.
“Жылдын мыкты класс жетекчиси-2021” кароо-сынагы боюнча:
1-орун Беки уулу Семетей атындагы №15 орто мектебинин мугалими Бабакулова С.;
2-орун Молдалиев атындагы №18 орто мектебинин мугалими Молдокеримова Б.;
3-орун Жунусалиев атындагы №23 орто мектебинин мугалими Нурматова У.;
3-орун № 6 “Арал” орто мектебинин мугалими Калдарова Э.;
“Жылдын мыкты предметтик каанасы-2021” кароо-сынагы боюнча:
1-орун №27 “Бирдик” орто мектебинин мугалими Атызакова К.;
2-орун №6 “Арал” орто мектебинин мугалими Абылбекова Н.;
3-орун №31 Татыкулов атындагы орто мектебинин мугалими Бакирова Т.;
“Жылдын мыкты усулдук каанасы-2021” кароо-сынагы боюнча:
1-орун Төрөгелдиев атындагы №7 орто мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы Бегматова Г.;
2-орун А.Сатаров атындагы №4 орто мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы Макеева Н.;
3-орун Анаркулов атындагы №26 орто мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы Башихтинова ;
“Жылдын мыкты социалдык педагогу-2021” кароо-сынагы боюнча:
1-орун Анаркулов атындагы №26 орто мектебинин соц.педагогу Анашов А.;
2-орун №45 “Беш-Жыгач” негизги мектебинин соц.педагогу Акматова Ч.;
3-орун Зайнидинов атындагы №39 орто мектебинин соц.педагогу Салиева Р.;
Жеңүүчүлөр Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн жана Ноокен райондук кесиптик бирлик комитетинин дипломдору жана белектери менен сыйланышты.
Маалыматты даярдаган: Ноокен райБББнын окуу-усулдук каанасынын башчысы У.Уметов