Кароо-сынак - ишмердүүлүктү өнүктүрүүгө көмөк берет!
2022-жылдын 21-октябрында Жалал-Абад областынын Сузак районундагы М.Хакимов атындагы “Дом-Ата” орто мектебинде “Кароо-сынак – ишмердүүлүктү өнүктүрүүгө көмөк берет!” темасында Сузак райкомунун иш тажрыйбасын үйрөнүү жана жайылтуу боюнча областтык семинар өттү.
Семинарга Жалал-Абад обкомунун төрагасы А.Исмаилов, Сузак райБББнын башчысы Т.Усенов, райшаарком жана окуу жайлардын кесиптик бирлик комитеттеринин төрагалары, обкомдун, Сузак райкомунун жооптуу кызматкерлери катышышты.
Семинар 2022-жылда өткөрүлгөн райондук кароо-сынактын жеңүүчүсү М.Хакимов атындагы “Дом-Ата” орто мектебинин баштапкы кесиптик бирлик уюмунун ишмердүүлүгү жана республикалык, областтык, райондук кароо-сынактарга катышканда даярдалган документтердин көргөзмөсүн таанышуу менен башталып, семинардын катышуучуларына баштапкы кесиптик бирлик уюмунун мүчөлөү тарабынан даярдалган профсоюз кызматкерлерин даңктаган чакан концерт тартууланды.
Семинарды обкомдун төрагасы А.Исмаилов ачып, семинардын максатына жана милдеттерине кеңри токтолду. Сөз обкомдун жооптуу кызматкери А.Бегматовго берилди.
Обкомдун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы А.Бегматов “Жалал-Абад обкому тарабынан 2016-2021-жылдарда өткөрүлгөн кароо-сынактардын жыйынтыктары жана 2022-жылда өткөрүү тууралуу” слайддар менен билдирүү жасалды.
Сөз Сузак райкомунун төрагасы А.Орозалиевке берилди.“Кароо-сынак - ишмердүүлүктү өнүктүрүүгө көмөк берет!” темасында Сузак райкомунун төрагасы А.Орозалиев иш тажрыйбасы тууралуу маалымат берди.
Социалдык өнөктөш - райБББнын башчысы, “Кыргыз Республиксынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкери” Т.Ж.Усенов профсоюз мүчөлөрүнүн социалдык-экономикалык маселелерин чечүүдөгү биргелешкен иш аркеттердин жыйынтыктары жөнүндө айтып, иш тажрыйбасын бөлүштү.
Сузак райкомунун иш тажрыйбасы боюнча Аксы, Ала-Бука, Ноокен, Чаткал райкомдорунун, ЖАМУнун төрагалары, “Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген мугалим“ ардагер мугалим А.Авазов, профсоюздун ардагери А.Айдаровдор сүйлөшүп, баалуу сунуштарын, пикирлерин билдиришти.
Семинарды обкомдун төрагасы А.Исмаилов улантып, Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин Борбордук Комитети тарабынан 2022-жылдын14-17-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында өткөрүлгөн “Профсоюздүк ишмердүүлүктө кружоктордүн ролу” темасындагы семинардын материалдарын видио материалдарды пайдаланып тааныштырды.
Обкомдун төрагасы А.Исмаилов берилген суроолорго ынанымдуу жоопторду берип, сунуштарды келечекте эс алып иштерди уюштуруу тууралуу айтып, семинарды жыйынтыктады.
Семинардын катышуучуларына Сузак райкомунун иш тажрыйбасы жыйынтыкталган “Билим берүү кызматкерлеринин социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын жана укуктарын когоодо кесиптик бирликтердин ролу” атуу усулдук китепче жана таркатма материалдар берилди.
Маалыматты даярдаган: Жалал-Абад областтык КБКнын инспектору А.Айдаров