Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетинен мугалимдердин коммуналдык чыгымдарына кошумча акча каражаты бөлүнүп берилди

Мугалимдердин  социалдык, экономикалык,  укуктук кызыкчылыктарын  колдоо  максатында Каракол шаардык профсоюз комитети, шаардын мэри, билим берүү бөлүмү менен  2018-2021-жылдарга  түзүлгөн макулдашуудагы үч тараптуу келишимдин пункттарын ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын “Эмгек кодекси”, “Социалдык кызматташтык жөнүндөгү” жана “Эмгекти коргоо жөнүндөгү” мыйзамын жетекчиликке  алуу менен жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттер өз жыйынтыгын берүүдө. Атап айтканда 2017-жылы коммуналдык төлөмгө жардам катары 750 миң сом бөлүнүп берилсе, 2018-жылга 1млн. 50 миң сом бөлүнүп, мугалимдердин тизмеги такталып  алардын электр энергиясына кеткен чыгымдары үчүн Каракол шаардык РЭСке которулду. Мугалимдердин жайкы эс алуусуна жыл сайын 100 миң сом акча каражаты бөлүнүп, шаардын мугалимдери  Түп районундагы “Маяк” эс алуу жайында 55 мугалим көлгө түшүп, эс алышты.

Бул маселе боюнча түзүлгөн комиссия мүчөлөрү менен 5-декабрда Каракол шаарынын мэриясында  сүйлөшүүлөр болду. Анда 2019-жылдын бюджетин бөлүштүрүп, кароо учурунда  КРнын “Билим берүү жөнүндө” жана “Мугалимдин  статусу жөнүндө” мыйзамдарында мугалимдерге каралган социалдык жеңилдиктерди жана кепилдиктерди  көз жаздымында калтырбоо маселеси көтөрүлдү. Бул маселе боюнча шаардын мэри Каниметов Адыл Жангорозович мугалимдерге ар тараптан колдоо көрсөтүүлөрүн билдирди.

 

              Каракол шаардык профсоюз комитети                                                     Касмалиева Ж.У.