Каракол шаарында жыйын өткөрүлдү
Билим берүү жана илим министрлиги коронавирус пандемиясынан улам өлкө аймагында “Акыркы коңгуроо” салтанатын онлайн өткөрүү тууралуу буйрук чыгарган. Буйрукка ылайык мектеп жетекчилиги, мугалимдер ата-энелер жана бүтүрүүчүлөр арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, “таң тосуу”, жаратылышка эс алып чыгуу, ресторан, кафелерде кече уюштурууга болбой тургандыгын эскертишкен. Ошондой эле мектеп жетекчилери, окуу бөлүмүнүн башчылары жана социалдык педагогдор менен онлайн кеңешмелерди өткөрүп, окуу жылын коопсуз, ийгиликтүү бүткөрүү тууралуу кеңешмелер өткөрүлүүдө.
Мына ушундай шарттарды эске алып Каракол шаардык кесиптик бирлик комитети чакан чөйрөдө билим берүү уюмдарынын жетекчилерин, ардактуу эс алууга кете турган пенсионер мугалимдерди чакырып, шаардык билим берүү бөлүмүндө жыйын өткөрүштү. Жыйында билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ж.Б.Урумов “Акыркы коңгуроо” майрамына карата куттуктоо сөздөрүн айтты, андан соң шаардык кесиптик бирлик комитетинин төрайымы Ж.У.Касмалиева кесиптештерин куттуктап, кесиптик бирлик комитети тарабынан даярдалган ардак грамоталарды, баалуу сыйлыктарын тапшырды.
Маалыматты даярвдаган: Каракол шаардык КБКнын төрайымы Ж.У.Касмалиева