Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кара-Суу райондук кесиптик бирлик комитетинин жыйыны

2025-жылдын 12-мартында Кара-Суу райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагалары жана төрайымдарынын катышуусунда жалпы жыйын өткөрдү. Жыйында бир нече маанилүү маселелер талкууланды.

Жыйындын темалары кеңири болуп, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жаңы Эмгек Кодекси боюнча түшүндүрмө иштери, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан аракеттер жана 2025-жылга карата бюджеттик сметанын бөлүштүрүлүшү тууралуу маселе каралды. .

Жыйындын соңунда, ар бир баштапкы кесиптик бирлик уюмуна Эмгек Кодекси китеби тапшырылып, жаңы мыйзам боюнча кеңештер жана түшүндүрмөлөр берилди. Бул иш-чара кызматкерлердин эмгек укуктарын сактоону жана кесиптик бирликтин ролун күчөтүүнү көздөгөн маанилүү кадам болуп саналат.