Кара-Суу райондук кесиптик бирлигинин отчеттук кайра шайлоо конференциясы
Ош облусунун Кара-Суу райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин 2020-2024- жылдар аралыгында аткарган иштери боюнча отчеттук кайра шайлоо конференциясы болуп өттү.
Конференцияга Кыргыз Республикамынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы Примкулов Мусабай Маматович, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Куланова Айжан Мамаевна, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Ысаков Суйунбай Тургунбаевич жана мектеп, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин директорлору, профактивдер катышышты.
Конференцияда райондук кесиптик бирлик комитетинин 2020-2024-жылдар аралыгында аткарган иштери тууралуу кеңири баяндама жасалып, делегаттар жыл ичинде аткарылган иштерге баа беришти.
Жыйынтыгында, отчет канааттандырарлык деп табылып, Кара-Суу райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрайымы болуп бир добуштан Исраилова Нуржан Абдираимовна шайланды.