Кара-Буура районунда отчеттук-кайра шайлоо конференциясы өткөрүлдү
Билим берүү жана илим кызматкерлеринин Кара-Буура райондук профсоюз комитетинин 10-кайра шайлоо конференциясы 2020-жылдын апрель айында өткөрүү пландалган.
Дүйнө жүзүндө COVID-19 ооруусу жүрүп мамлекетибиздеги билим берүү тармагында чоң өзгөрүүлөр болуп окуу жайлардын баары аралыктан окуп жаткан учурга туш келдик. КРнын Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитети тарабынан жагдайды эске алуу менен чыгарган токтомунун негизинде өтүлүүчү конференциялар графикке ылайык жылдырылган. Райондук конференция 2021-жылдын 16-апрелдине откөрүлдү.
Конференцияга КРнын Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюз Борбордук комитетинин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Кулназарова Эльмира Досуевна, Райондук мамлекеттик админинстрациясынын башчысы-аким Сыдыкназаров Баратбек Жалалбекович, Кара-Буура райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жарманбетова Самара Урусовна, КРнын Эмгек сицирген мугалими М.Чалданбаев атындагы орто мектебинин директору Давлеталиева Анара Мамырбаевна, мектеп жетекчилери, мектептердин жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин баштапкы кесиптик бирликтеринин төрайымдары катышты.
Конференция жумушчу органдары болгон президиуму, катчылыгы, эсептөө, мандаттык, редакциялык комиссиялары шайнанылып, иш жүргүзүштү.
Күн тартибинде 7 маселе каралып, токтомдор кабыл алынды. Билим берүү жана илим кызматкерлеринин Кара-Буура райондук профсоюз комитетинин 5 жыл аралыгындагы иштерине делегаттар жана жетекчилер тарабынан жогорку баа берилди. Борбордук профсоюз комитетинин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Кулназарова Эльмира Досуевна профсоюздун Борбордук комитети тарабынан уюштурулган Республикалык кароо-сынактарга активдүү катышып жаткандыгыбызды баса белгилеп, “Профсоюз кыймылынын отличниги” төш белгисинен төртөөнү, жана “Ардак грамотадан” үчтү профсоюз кыймылынын алдыңкыларына тапшырды.
Конференциянын жалпы делегаттары Абдыжапарова Рыстай Максутовнаны кайрадан Билим берүү жана илим кызматкерлеринин Кара-Буура райондук кесиптик бирлигинин төрайымдыгына бир добуштан шайлап алышты.
Конференцияны уюштуруп өткөрүү жогорку деңгээлде болду. Жалпы конференциянын катышуучуларына керектүү папкалар, ручкалар, иш кагаздары, маска менен камсыздалды, ошондой эле кофе брейк, сый тамак уюштурулду.
Маалыматты даярдаган: Кара-Буура райпроф комитетинин төрайымы Р.М.Абдыжапарова