Кара- Көлдө мугалимдер майрамы белгиленди
7-октябрь күнү Кара- Көл шаарында мугалимдер майрамы белгиленди. Майрамдык салтанатка мугалимдерди куттуктап, шаардын мэри Еркеев И.М, шаардык кеңештин төрагасы Кыргызалиев Б.Н, шаардык кеңештин депутаттары келишти. Билим берүү жана илим министрлигинин, шаардык мэриянын , шаардык кеңештин, шаардык билим берүү бөлүмүнүн ардак грамоталары , баалуу белектер тапшырылып, жагымдуу концерттик номерлер менен коштолду.