Кайра шайлоо конференциясы
Чон Алайда кайра шайлоо конференциясы болуп отту.
2013-жылдын 29-май күнү Чон-Алай райондук билим кызматкерлеринин V отчеттук кайра шайлоо конференциясы болуп өттү, ага Ош областтык профсоюз комитетинин төрагасы Тойгонбаев Сабыр Абдыбапович, Чон-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Туйгунова Саадат Насирдиновна. Чон- Алай райондук жергиликтүү кенештин кошмо жыйынынын төрагасы Молдоболотов Данияр Абибиллаевич, Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Бакиров Имарбай Эсенбаевич,райондун аймагындагы билим берүү мекемелеринин директорлору келип катышышты. Чон-Алай райондук билим кызматкерлеринин V отчеттук кайра шайлоо конференциясына 45 делегат
баштапкы уюмдардан шайланып келишти Конференцияда райондук комитеттин беш жылда кылган иштери жөнүндө төрага, К.Абдылдаев, текшерүү комиссиясынын төрайымы Ж.Эрмекбаева доклад жасашып, жалпы делегаттар тарабынан отчетторго жакшы деген баа берилип андан тышкары комитеттин мучөлөрүн, текшерүү, комиссиясынын, президиум мүчөлөрүн кайрадан шайлашып, Чон-Алай райондук билим кызматкерлеринин райондук комитетинин төрагалык кызмат ордуна бир добуштан Абдылдаев Касымбек Дыкановичке кайрадан ишеним беришип бекитишти. Конференцияны жыйынтыктоо менен областтык профсоюз комитети тарабынан алдыёкы профсоюз лидерлерине « Ардак грамота » жана баалуу белектер берилди.