Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кадамжайда кароо-сынак болуп өттү

Кадамжай районуна караштуу мектепке чейинки билим берүү уюмдары арасында «Чыгармачыл тарбиячы» аттуу кароо-сынак өткөрүлдү. Сынак “Тарбиячы күндөй турса жаркырап, балдары гүл сыяктуу ачылат” деген темада өткөрүлдү.

Сынакка райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ж.Орозбаев, акимдин орун басары М.Асанова, райондук кесиптик бирлик комитетинин төрагасы А.Момошов жана көптөгөн тарбиячылар, мугалимдер, бала бакчалардын жетекчилери катышышты.

Кароо-сынактын жыйынтыгы боюнча 1-орунга  “Тамаша-Кут-Ордо” балдар бакчасынын тарбиячысы Тешебаева Жамийла, 2-орунга №2 “Солнышко” балдар бакчасынын тарбиячысы Ормонова Нуржан, 3-орунга “Күн Бала Таш Дөбө” балдар бакчасынын тарбиячысы Имаралиева Адина татыктуу болушту. Аларга билим берүү кузматкерлеринин кесиптик бирлигинин Кадамжай райондук комитетинин Ардак грамотасы жана баалуу белектер тапшырылды.

 

Маалыматты даярдаган: Кадамжай раондук КБКнын техникалык инспектору