Кадамжай районуна караштуу Т.Исмаилов атындагы орто мектебинде окуу фестивалы болуп өттү
2019-жылдын 12-декабрь күнү Кадамжай районунун Масалиев айыл аймагына караштуу Т.Исмаилов атындагы орто мектебинин актовый залында улуттук китеп күнүнө карата билим алуу үчүн азык жана балдардын тамактануусу деген долбоордун алкагында чон окуу фестивалы болуп өттү. 6 мектептин башталгыч класстарынан мыкты деген окуучулар келишип таймаш ирээтинде өткөрүлдү.
Фестваль Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Кадамжай райондук комитетинин төрагасы А.Момошов, билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси И.Досматов, окуу усулдук каана башчысы А.Сарымсаков, окуу усулдук каанын кызматкери Т.Актураева жана мугалимдердин, окуучулардын катышуусунда өттү.
Иш чаранын жүрүшүндө окуучулар чакан концерттик программасын аткарып беришти. Фестиваль жогорку денгээлде өтүп, окуучуларга райкомпрофсоюз тарабынан баалуу белектер таркатылды.
Материалды даярдаган уюштуруучу адис:
Феруза Ажиева