Иштиктүү жолугушуу
Билим жана илим кызматкерлеринин Ош областтык кесиптик бирлик комитетинин төрагасы С.Тойгонбаев Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы –аким Абыкеев Темирболот Асаналиевич менен жолугушту.
Жолугушууда Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Куланова Айжан Мамаевна, Кара-Суу райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрайымы Исраилова Нуржан Абдыраимовна бирге болушту. Анда 3 тараптуу келишимдеги кызматкерлердин социалдык-экономикалык, эмгектик, укуктук кызыкчылыктарыны коргоону камсыз кылуу боюнча маселелер өз ара талкууланды жана мындан ары өнөктөш катары бир нече маселелерди чечүү жолдору ортого салынды.
Жолугушууда «Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин мыктысы» төш белгиси Кара-Суу райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Абыкеев Темирболот Асаналиевичке тапшырылынды.
Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Ош областтык комитети