"Тайлан" орто мектебинде иш-чара өткөрүлдү
Лейлек районунун "Тайлан" орто мектебинде өз учурунда үзүрлүү иштеген, жаш келечек муундарга нурун чачкан акылман, билим тарбия берүүгө өз өмүрүн арнаган Саматов Султан Саматовичтин жаркын элесине арналган иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарага мркумдун замандаштары, кесиптештери, санаалаштары, окуучулары катышып, агайдын опол тоодой эмгектери, иш тажрыйбалары, адамгерчилиги жөнүндө кеңири айтып беришти. Уулу Саматов Медербектин үй-бүлөсүнүн демөөрчүлүгү, коллективдин колдоосу менен тарых каанасына Султан Саматовдун ысымы ыйгарылды. Келечекте агайдын ысымын бийик кармап , билимдүү жаштардын өсүп чыгуусуна ак бата берилди. Медербек Саматов да жыл сайын демөөрчүлүгүн улантып, каананы заманбап технологиялык каражаттар менен камсыздап окуучулардын сапаттуу билим алуусуна салымын кошуп, жардам бере тургандыгын айтып өттү. Мектептен келечекте билимдүү инсандар чыга берет деп терең ишенебиз.
Маалыматты даярдаган: Лейлек райКБКнын төрагасы А.Бердиев