Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Интелектуалдык ринг

     Кадамжай районунда «2018-жыл аймактарды өнүктүрүү жылынын» иш чараларынын алкагында Райондук билим берүү  бөлүмүнө караштуу билим берүү  мекемелеринин англис тили мугалимдери жана окуучулардын катышуусунда райондук деӊгээлде интелектуалдык ринг  болуп өттү.   Ага райондук  билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ж.О.Гайбуллаев, райондук профсоюз комитетинин төрагасы А.Момошов,  райондук билим берүү бөлүмүнүн алдындагы усулкана усулчулары А.Джанузакова, А.Кожонова, ошондой эле  мектеп мугалимдери жана окуучулары катышышты.

     Сынакка катышкандар өздөрүнүн интелектуалдыгын, потенциалдык бийиктигин, таланттуулугун,  ар тараптуу чыгармачылыгы менен айырмаланган өз өнөрлөрүн тартуулашты.  Сынактын жыйынтыгында жеӊүүчүлөр аныкталып, жеӊүүчүлөр райондук профсоюз комитети тарабынан ардак грамоталар жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.