Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ийгилик жараткан алдыңкы студенттер сыйланды

К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин кесиптик бирлик комитети коомдук, маданий жана спорттук иш-чараларда ийгилик жараткан алдыңкы студенттерди Грамота менен сыйлады.

Университеттин ар түрдүү тармактарында жогорку жетишкендиктерге жетишкен, ошондой эле коомдук ишмердүүлүктө активдүү катышып, университеттин  атын жогорулатууда чоң салым кошкон студенттерге  сыйлыктар тапшырылды.

Бул иш-чара студенттердин талантына жана иш аракеттерине баа берип, аларды мындан ары да өз максаттарына жетүү үчүн шыктандырып, жаңы жетишкендиктерге жетеледи.

Сыйлык тапшырылган студенттерге мындай баа берүү алардын ишке болгон мотивациясын жогорулатат жана келечектеги эмгектери үчүн дагы көбүрөөк аракет кылууга түрткү берет. Ошондой эле, бул иш-чара жамааттык ынтымакты чыңдап, университет ичиндеги достук мамилелерди бекемдөөгө шарт түзөт.