И.Арабаев атындагы КМУда «Рамазан баштыкчасы» акциясы уюштурулду
2025-жылдын 24-март күнү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Бириккен кесиптик бирлиги жана «Ак-Демилге» коомдук фонду тарабынан Рамазан айына карата «Рамазан баштыкчасы» акциясынын алкагында иш-чара уюштурулду. Акциянын алкагында жатаканада жашаган 30 студентке жана университеттин 20 кызматкерине азык-түлүк баштыкчалары таркатылып берилди.
Ал эми 28-март күнү 117 студентке жана 100 кишилик профессордук-окутуучулук курамга,университеттин кызматкерлерине ооз ачыруу иш чарасы уюштурулду.
Акциянын уюштурулушуна бириккен кесиптик бирликтин мүчөсү, ага окутуучу Баястанов Нурпаис Муратбекович жооптуу болуп, иш чаранын жогорку деңгээлде өтүшүнө өз салымын кошту.
Рамазан айынын урматына уюштурулган бул иш чаралар университетте кайрымдуулук жана биримдик маанайын арттырууга чоң салым кошту.