И.Арабаев атындагы КМУда "Ден соолук" спартакиадасынын жыйынтыктоо аземи өттү
2025-жылдын 15-январында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде "Ден соолук" спартакиадасынын жыйынтыктоо аземи өттү.
Иш-чарага КМУнун ректору Айгүл Абдраева, Окуу иштери боюнча проректору Раушанбек Зайниев, Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору, Айгүл Чалданбаева, Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы,
кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Назар Догдурбек жана профессордук-окутуучулар курамы катышышты.
Спартакиаданын жыйынтыгында жеңүүчүлөргө дипломдор ал эми кесиптик бирлик комитети тарабынан акчалай сыйлыктар тапшырылды.



