И.Арабаев атындагы КМУ гендердик зомбулукка каршы өнөктүктү колдойт!
“Аялдарга жана кыздарга карата зордук – зомбулукту токтотолу!” аттуу гендердик теңдик боюнча 16 күндүккө арналган акциянын алкагында И.Арабаев атындагы КМУнун кесиптик бирлик комитети менен биргеликте институттарда жана факультеттерде бир катар иш-чаралар уюштурулду.
КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети тарабынан демилгеленген эл аралык “Аялдарга жана кыздарга карата зордук – зомбулукту токтотолу!” аттуу гендердик теңдик боюнча 16 күндүккө арналган акциянын алкагында, И.Арабаев атындагы КМУнун кесиптик бирлик комитети менен биргеликте институттарда жана факультеттерде бир катар иш-чаралар уюштурулду.
Иш-чаралардын жүрүшүндө зордук-зомбулуктун түрлөрү, анын себептери жана кесепеттери жана анын алдын алуу боюнча лециялар өткөрүлүп, пайдалуу маалыматтар берилди.
Бул иш-чаралар студенттерге зордук-зомбулук маселесин тереңирээк түшүнүүгө жана анын алдын алуу жолдору боюнча кененирээк маалымат алууга мүмкүнчүлүк түздү.
Маалыматты даярдаган: И.Арабаев атындагы КМУнун кесиптик бирлик комитети