И. Арабаев атындагы КМУда спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш өттү
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде 23-февраль – Ата Мекенди коргоо күнүнө карата окутуучулар жана студенттер арасында спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш болуп өттү.
Спорттук иш-чара КМУнун Дене тарбия жана спорт институту жана Студенттик парламент тарабынан уюштурулуп, университеттин окутуучулары жана студенттери арасында достук жана биримдик атмосферасы түзүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө КМУнун кесиптик бирлигинин төрагасы Назар Догдурбек катышуучуларды майрам менен куттуктап, жеңүүчүлөрүнө кесиптик бирлик комитетинин акчалай сыйлыктарын, диплом жана башка баалуу белектерин тапшырды.