Гуманитардык жардам көрсөтүлдү
Сузак районунда нөшөрлүү жаан-чачындан улам сел жүргөн. Үйлөрүнө жана короолоруна сел кирип жабыркаган Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө караштуу мектептерде жана бала бакчаларда эмгектенген 17 кесиптик бирлик мүчөлөрү катталган. Аларга Билим жана илим кызматкерлеринин Сузак райондук кесиптик бирлиги тарабынан гуманитардык жардам көрсөтүлдү.
Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Сузак райондук комитети