Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Гендердик зордук-зомбулукка каршы активдүүлүктүн 16 күндүк акциясы

Эл аралык “ Аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулукту токтотолу!” аттуу гендердик теңчилик боюнча 16 күндүк  акциянын алкагында билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитетинин Баткен райондук билим берүү бөллүмү менен биргеликте форумдар уюштурулду.

2024-жылдын 27-ноябрында Баткен шаарында КР Президентинин Баткен областындагы ыйгарым укуктуу окулунун орун басары Ж.Исаков, Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким У.Жоробаев,  Баткен областтык жана райондук укук коргоо кызматкерлери, мектептин жана балдар бакчаларынын жетекчилери, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, райондук кесиптик бирлик комитетинин кызматкерлери жана коомчулуктун өкүлдөрүнүн   катышуусунда  «Зордук зомбулукка жол жок!» деген аталышта райондук форумдар өткөрүлдү.

Форумдун алкагында окуучулар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, зордук-зомбулукту болтурбоо боюнча талкуу жүрдү.

Мындан сырткары ушундай эле иш-чаралар Баткен районунун бир катар билим берүү уюмдарында, атап айтсак:

  1. Кара-Токой жатак мектебинде;
  2. Б.Акматов атындагы орто мектебинде;
  3. Самаркандек айыл окмотунун мектетеринде;
  4. Газ орто мектебинде;
  5. Б.Байназаров атындагы башталгыч мектебинде;
  6. М. Салихов орто мектебинде;
  7. Т.Мурзапаров аитындагы орто метебинде;
  8. Чек орто мктебинде; 
  9. Ш.Токсонов атындагы орто мектептеринде да уюштурулуп, ушундай эле темадагы иш чаралар райондун дээрлик бардык билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин жана кесиптик бирлик комитетинин уюштуруусу менен өткөрүлүүдө.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Баткен райондук комитети