Гендердик теңдик боюнча 16 күндүк акция Ноокат районунда
“Аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулукту токтотолу!” аталышындагы гендердик теңдик боюнча 16 күндүк акциянын алкагында Ноокат райондук кесиптик бирлик комитетинин төрайымы Н.Тажибаева билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик уюмдарынын төрайымдарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
“Аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулукту токтотолу!” аталышындагы гендердик теңдик боюнча 16 күндүккө арналган акцияга карата Ноокат районундагы Көк-Жар инновациялык орто мектебинде, Уч-Бай орто мектебинде, Чечме-Сай орто мектебинде, Уч-Бай орто мектебинде, К.Каримов атындагы орто мектебинде жана башка дагы бир катар билим берүү уюмдарында иш-чаралар уюштурулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Ноокат райондук комитети