Гендердик теңчилик боюнча 16 күндүк акция Токмок шаарында
2024-жылдын 4-декабрында Эл аралык “ Аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулукту токтотолу!” аттуу гендердик теңчилик боюнча 16 күндүк акциянын алкагында Токмок шаарында жүрүш өткөрүлдү.
Аталган акцияга Билим берүү тармагынын бардык билим берүү мекеме-уюмдарынын кызматкерлери, окуучулар катышышты. Акция жогорку маанайда уюштурулуп, “Биз зомбулукка каршыбыз!” деген ураан менен 200 адам басышып, аянтта уюштурулган атайын флешмоб көрсөтүлдү.
Ал эми 10–декабрда Адам укуктарынын эл аралык күнүнө карата социалдык видеороликтердин сынагы боюнча жыйынтык- брифинг өткөрүлөт. Өткөрүлгөн иш чарага Токмок шаардык кесиптик бирлик комитети тарабынан кесиптик уюм сыйлоо фондун камсыздайт.
Малыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Токмок шаардык комитети