Форум ийгиликтүү аяктады
Евразиялык эл аралык профсоюздар биримдигинин Ош шаарында ѳткѳн X форумунун иши Жалал-Абад облусунда улантылды.
Алгач форумдун катышуучулары жана меймандары Жалал-Абад шаарындагы тарыхый аймак таануу музейинде болушту. Музейдин директору В.Х.Мусина жана кызматкерлери Жалал-Абад шаары жана облус жѳнүндѳ кеӊири баяндап беришти.
Музейдин тарыхый, маданий, этнографиялык бай экспонаттары коноктордо кызыгууну жаратып, алар ѳздѳрүн кызыктырган суроо-соболдорун узатышып, ынанымдуу жоопторду алышты.
Форумдун катышуучулары андан ары Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи шаарчасынан орун алган №17 «Каакым» балдар бакчасына (директору Жумабаева А.) барышып, жаш бѳбѳктѳргѳ жана мектепке даярдоо бѳлүмүндѳ жүргүзүлүп жаткан үлгүлүү аракеттер менен таанышышты.
Меймандар балдар бакчанын жасалгаланышы, жабдылышы, тазалыгы, билим берүү стандарттарынын талаптары аткарылып жаткандыгы менен кызыгышып, бул багытта ынтымактуу жамааттын биргелешкен, алгылыктуу аракеттерин жогору балашты.
Кенже жана ортоӊку тайпада тарбиялануучулардын күчү менен даярдалган чыгармачылык концерт тартууланды. Кыргыздын ыр-бийлеринен кийин, «Манас» эпосунан үзүндүнү үч жаштагы Рахматалиев Адилет мыкты аткарып форумдун катышуучуларынын алкоосуна татыды.
Форумдун ишин жетектеген Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын тѳрагасы, билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетинин тѳрагасы А.Т.Токтогулов катышуучулардын атынан бул щлгщлщщ балдар бакчасынын эмгек жамаатына ийгиликтерди каалады.
Катышуучулардын багыты андан ары Жалал-Абад мамлекеттик университетине бурулуп, аларды окуу жайдын жетекчилиги, профсоюз комитети жана эмгек жамааты тосуп алышып, музей менен тааныштырышты.
Меймандар татыктуу билим алуу үчүн студенттерге түзүлүп жаткан шарттарды ѳз кѳздѳрү менен кѳрүштү.
Университеттин чоӊ жыйындар залында окутуучу-профессордук курам жана студенттердин ѳкүлдѳрү менен форумдун катышуучуларынын иштиктүү жолугушуусу уюштурулду.
Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору, профессор А.Б.Абдрашовдун окуу жай жѳнүндѳ кеӊири маалыматынан кийин меймандарга сѳз берилди.
Туркиянын атынан мырза Исмаил Конжук, Азербейжандын атынан Мирза Джафарзаде билим берүү профсоюздарынын Евразиялык эл аралык бирикмесинин ѳз ѳлкѳлѳрүндѳ жүргүзүлүп жаткан иштерди айтып беришип, бул багытта Кыргызстанда да алгылыктуу аракеттердин жасалып жаткандыгын белгилешти.
Жолугушууну жыйынтыктап жатып, Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын тѳрагасы, билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетинин тѳрагасы Токтогулов Асылбек Токтогулович бул абройлуу эл аралык профсоюздук бирикмесинин иши улам ѳркүндѳп жаткандыгына, астейдил аракеттер мындан ары да улантыла тургандыгына басым жасап, эл аралык профсоюздун тажрыйбаларын үйрѳтүү зарылдыгына токтолду.
Жолугушууда окуу жайдын ректору, А.Б.Абдрашов форумдун ишинин байсалдуу улана беришине ийгиликтерди каалады. Жолугушунун соӊунда окуу жайдын жамаатынын концерттик программасы тартууланды.
Андан кийин форумдун Жалал-Абад облусундагы иши соӊуна чыкты.
А.Бегматов - профсоюздун Жалал-Абад обкомунун уюштуруу бѳлүмүнүн башчысы.