Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Эне тилим – мурасым

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде 21-февраль – Эл аралык эне тил күнү жана Жалал-Абад билим берүү башатынан ЖАМУга карай 100 жылдыгына карата “100 жылдыкка 100 иш-чара” долбоорунун алкагында студенттер арасында  “Эне тилим – мурасым” фестивалы өттү.

Фестивалга негизинен "Кыргыз тили", "Орус тили", "Өзбек тили","Түрк тили", "Англис тили", "Немис тили", "Кытай тили" жана "Индия тили" командалары катышышып, фестивалдын жобосуна ылайык атайын түзүлгөн программа боюнча тапшырмаларды аткарышып, тилди алып жүргөн элдин маданиятын, адабий мурастарын, улуттук руханий баалуулуктарын көрсөтүштү. Видеороликтерде “ЖАМУ - менин сыймыгым” деген рубрика боюнча окуу жайыбыздын мүмкүнчлүктөрүн, өзгөчөлүктөрүн чагылдырышты.

Төмөнкүдөй курамда түзүлгөн жумушчу топтун мүчөлөрү: Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректору А.Д.Доранова, Кыргыз Республикасынын  Президентине караштуу Мамлекеттик тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын Жалал-Абад облусундагы өкүлү  Э.М.Муратбекова, ЖАМУнун социалдык жана тарбиялык иштер боюнча проректору Э.К.Турдубаев, ЖАМУнун кесиптик бирлик комитетинин төрагасы М.Ш.Маткаримова,Университеттин Мамлекеттик тил бөлүмүнун башчысы К.Б.Калчакеев, ЖАМУнун маданий эстетикалык борборунун жетектөөчү адиси Ы.А.Шайымкулов, ЖАМУнун мамлекеттик тил бөлүмүнүн адиси Кубанычбек кызы Айнаралар фестивалгакатышкан командалардын эмгегин белгилеп, сөз сүйлөштү.

ЖАМУнун кесиптик бирлик комитетинин каржылоосу менен белектер даярдалып, фестивалдын катышуучуларына тапшырылды.

 

Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун кесиптик бирлик комитети