Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Эмгекти коргоого кайдыгер мамиле болбош керек

Жети-Өгүз районунун Жаргылчак айыл аймагында билим берүү тармактарынын баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын иш-тажрыйбасын жайылтуу максатында семинар өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин аппарат жетекчиси Бедил Кадыркулов, райондук билим берүү бөлүмүнү башчысы Максат Асанкожоев катышты.

Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетинин жана билим берүү, илим кызматкерлеринин Жети-Өгүз райондук профсоюз комитетинин демилгеси, каржылык колдоосу менен уюштурулду. Семинарга  райондук билим берүү уюмдарынын баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагалары, төрайымдары чакырылды.

Иш-чараны райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитетинин төрагасы,  облус боюнча координатор  Өмүрбек Молдокматов алып барды. Анын тастыктаган маалыматына караганда,  райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюздук  комитетинин  58 баштапкы профсоюз уюму бар.  Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин “Аймактык профсоюз комитеттерин кайрадан каттоодон өткөрүү” жөнүндөгү жобосуна ылайык, 2019-жылы облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өтүшкөн.

Кыргыз Республикасынын “Эмгек Кодексинин”, “Эмгек мамилериндеги социалдык өнөктөштүк” жана “Жамааттык келишимдер” жөнүндөгү мыйзамдарга ылайык эки тараптуу жамааттык жана үч тараптуу келишимдердин негизги өзөгүн мугалимдердин жашоо- шарттарын жакшыртуу, социалдык колдоого муктаж болгондорго мүмкүнчүлүккө жараша жардам берүү, мектептердин, балдар бакчаларынын материалдык-техникалык базаларын жакшыртуу чаралары түзөт. Ал эми  райондук мамлекеттик администрациясы, райондук билим берүү бөлүмү, айыл аймактары, мектептер менен социалдык өнөктөш катары тыгыз иштешет. Мына ушундай максаттуу   түзүлгөн келишимдердин алкагында билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, мугалимдердин чыгармачылык менен изденип иштөөлөрүнө шарт түзүлүүдө.  “Кайсыл мектепке, же балдар бакчаларына  баш бакпайлы чыгармачылык менен изденүү аракеттери күч, демек, түзүлгөн келишимдер кагаз жүзүндө калбайт, анын ийгилигин гана көрүүгө болот.  Биз  жер-жерлердеги  баштапкы кесиптик бирлик профсоюз уюмдары менен агартуу тармагындагы көйгөйлөрдү,  учур удулуна жараша көз караштарды, өсүш-өнүгүүлөрдү чогуу талкуулап турбасак болбойт”.-деген Ө.Молдокматов семинарда талкууланган маселелердин маанилүүлүгүнө кыскача токтолду.

Семинарда эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздукту сактоо боюнча мектеп администрацияларынын жана баштапкы уюмдарынын жүргүзгөн иштери тууралу кеңири маалыматтар берилди. Ошондой эле эмгекти коргоо боюнча баштапкы кесиптик бирлик уюмунун иш-кагаздарынын жазылыш тартиби, эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздукту сактоо боюнча укуктук-ченемдик актылар талкууланды.  Билим берүү кызматкерлеринин мыйзамдык укуктарын, социалдык-экономикалык кызыкчылыктарды коргоо жана мектептердин материалдык-техникалык базаларын чыңдоо максатында мектеп директорлорунун, балдар бакчаларынын башчыларынын, баштапкы профсоюз уюмдарынын айыл аймактарынын ортосундагы 2022-2024-жылдар үчүн түзүлгөн 3 тараптуу келишимдердин кабыл алынышы тууралу ой-пикирлер, сунуштар айтылып, айрым көйгөйлөр тууралу сөз болду.

Ал күнү Б.Үкүев атындагы жалпы билим берүү мектебинин директору Венера Түгөлбаева эмгекти коргоо боюнча иш берүүчүнүн негизги милдеттери жана эмгекти коргоо уюмдары менен түзүлүүчү келишимдер тууралу керектүү болгон маалыматтар менен тааныштырды. Анын айткандарына караганда, жаңы окуу жылы башталып, акыркы коңгуроого чейин эмгекти уюштуруу, ошондой эле эмгекти коргоо боюнча санитардык-гигиеналык нормалар, стандарттар так сакталат. Дээрлик бардык класстар, кабинеттер,  мугалимдер бөлмөсү тиешелүү делген техникалык жабдуулар менен камсыз болот. Эң башкысы эмгекти коргоо боюнча укуктук-нормативдик актыларды толук сактоого көңүл бурулат. Мугалимдерди, техникалык кызматкерлерди кезексиз медициналык кароодон өткөрүүгө, өрт өчүрүүчү жабдууларды жана химиялык кислоталарды сактоочу кампалардын коопсуздугуна терең маани берилет. Жумушчу орундарын камсыздоодо эмгекти коргоонун шарттары боюнча аттестациядан өтүшөт. “Кырсык каш-кабактын ортосунда” дейбиз го. Кырсык болбой эле койсун, бирок сактыкта кордук жок, мугалимдер, ж.б.кызматкерлер өндүрүш учурунда бөөдө кырсыкка кабылса, же   кесиптик ооруга чалдыгып жабыр тартышса милдеттүү түрдө социалдык камсыздандыруу төлөнүүгө тийиш.   Демек, жаңы окуу жылы башталганда кабинет башчыларына, өндүрүштүк окууда иштегендерге, лаборанттарга мыйзамда каралган жеңилдиктер, компенсациялар тууралу маалымат берүүгө тийшипиз. Ошондуктан биз өзүбүз укуктук-мыйзам актыларын терең билишибиз керек”,-деген В.Түгөлбаева өзү жетектектеген мектептин материалдык-техникалык базасы менен тааныштырды. Мектептеги тарых-аймак таануу музейи семинардын катышуучуларын кызыктырды. Музейде айылдын тарых-таржымалы, белгилүү инсандардын, согуштун жана эмгектин ардагерлеринин, эң башкысы Жеңиш айылынын кулуну, белгилүү окумуштуу, илимдин доктору Бейшенбек Үкүевдин өмүр таржымалы чагылдырылган сүрөттөр, экспонаттар назарыбызга илинди.

Ак-Терек айылындагы “Алтын уя” балдар бакчасынын материалдык-техникалык базасы, заманбап жасалгалар, чакан эмгек жамаатынын алгылыктуу иштери, жетишкен ийгиликтери менен кенен-кесири таанышуу мүмкүнчүлүгү болду. “Алтын уя” балдар бакчаларынын райондук, облустук кароо-сынактарынын жеңүүчүсү катары белгилүү. Семинардын катышуучулары балдар бакчасынын башчысы Аскер кызы Айнура жетектеген эмгек жамаатына ийгилик каалашты.

Иш-чаранын расмий бөлүгү Ак-Терек айылындагы Ж.Жапаров атындагы орто мектепте уланып, Б.Кадыркулов эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздукту сактоо,  баштапкы кесиптик бирлик, дегеле профсоюз уюмдарынын ролу, орду тууралу кеңири маалыматтарга токтолду. Ал  КР Эмгек Кодексинин 3-9-11-18-209-беренелери, эмгекти коргоо боюнча ченемдик-укутук актылар, КР Баш Мыйзамындагы эмгекти коргго шарттарын белгилеген нормалар, эмгекти коргоо кызматынын милдеттери тууралу жөнөкөй тил менен түшүнүктүү айтып берди. Кесиптик, турмуштук тажрыйбасы мол Б.Кадыркуловго баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагалары, төрайымдары өздөрүн кызыктырган жана дале жеткиликтүү түшүнө беришпеген суроолорго жооп алышты. 

“Биз эмгек менен эс алууну мүмкүн болушунча бирдей айкалыштырууга аракеттенебиз.  Жаңы 2022-2023-окуу жылына жаңы дем-күч менен, аман-эсен келели”,-деген Ө.Молдокматов семинарды жыйынтыктады.

 

Маалыматты даярдаган: Шейшекан Жаналиева,“Ысык-Көл кабарлары”