Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Эмгекти коргоо боюнча семинар

2023-жылдын 12-январында Аксы районунун Каражыгач  айылындагы №23 К.Чекиров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде эмгекти коргоо техникалык коопсуздуктун алдын алуу боюнча семинар болуп өттү.

Бул семинарга Авлетим, Каражыгач, Карасуу, Кызылтуу, Акжол, Жаныжол айыл өкмөттөрүндөгү мектеп жана бала бакчалардын директорлору менен профкомдору катышып, аларга техникалык коопсуздуктун алдын алуу үчүн  кандай  инструкциядан өтүш керек жана ал инструкциядан кимдер жана канча убакытта бир өтүшү керектигин райкомдун төрөгасы С.Камчыбеков түшүндүрүп берди.

Ошондой эле бул семинарга Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Нурманбетов Осмоналы да катышты.

 

Маалыматты даярдаган: Аксы райондук кесиптик бирлик комитети