Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Эмгекти коргоо боюнча семинар өттү

КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитети 2021-жылдын иш планына ылайык Ш.Токсонов атындагы орто мектебинде “Билим берүү мекемелеринде эмгекти коргоо: тажрыйба, көйгөйлөр, чечүү жолдору” деген темада окуу семинарын өткөрдү. Семинарга жаңыдан дайындалган мектеп, балдар бакчаларынын жетекчилери, профсоюз уюмдарынын төрагалары, райондук билим берүү бөлүмүнүн, областтык комитеттин адистери катышты.

Семинардын биринчи бөлүгүндө кызматкерлердин эмгегин коргоо, жумуш орундарында коопсуздук шарттарын түзүү жөнүндө кесиптик бирликтин райондук комитетинин төрагасы А.Зайитов менен райондук комитеттин адиси А.Масалиев баяндама жасашты. КР “Эмгекти коргоо жөнүндө” мыйзамы, КР Эмгек кодекси ж.б. ченемдик-укуктук актылар боюнча суроо-жооптор болду.

Семинардын экинчи бөлүгүндө катышуучулар эки топко бөлүнүшүп Ш.Токсонов атындагы орто мектебинин директору К.Дүйшеева жана баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрайымы Т.Тулабаеванын иш тажрыйбасы менен таанышышты.

 

Маалыматты даярдаган: Баткен райондук КБКнын төрагасы А.Зайитов