Эмгекти коргоо боюнча окутуу-семинары
2024-жылдын 25-сентябрында Баткен областындагы Лейлек районунун Раззаков шаарында Кыргызстан Кесиптик бирлик Федерациясынын алдындагы окутуу борбору тарабынан окутуу-семинары өткөрүлдү.
Окутуу- семинарга кесиптик бирликтин бардык тармактык областтык комитеттеринин төрагалары, билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин мектеп жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын баштапкы кесиптик бирлик комитетеринин төрага-төрайымдары катышышты.
Семинардын алкагында катышуучуларга кесиптик бирлик ишмердүүлүгүндөгү жүргүзүлүүчү иш кагаздар менен тааныштыруу, кызматкерлердин эмгек жаатындагы укуктары жана милдеттери жөнүндө түшүндүрмө берүү,
кесиптик бирликтин артыкчылыктары жөнүндө маалыматтар берилип, актуалдуу суроо-жооптор менен жыйынтыкталды.
Ушул эле семинар бүгүн 26-сентябрда Баткен шаарында да уюштурулуп, ага областтагы бардык тармактык кесиптик бирлик комитетеринин баштапкы уюмдарынын төрага,төрайымдары жана Баткен областтык комитетинин төрагасы З.Бөтөков катышууда.
Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Лейлек райондук жана Баткен обласаттык комитеттери