Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Эмгекке жараша сый

2021-жылдын 4-октябрында Панфилов районунда «Билим берүү кызматкерлеринин күнү» белгиленди. Салтанатка Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Алияскаров, мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары жана коноктор катышышты.

Панфилов райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Ашыкеев мугалимдерди куттуктап, 2020-2021-окуу жылында жетишкен жана ийгилик жараткан мугалимдерге КР Билим берүү жана илим министирлигинин «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгисин, Ардак грамоталарды тапшырды.

Панфилов райондук билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрайымы А.Абдраимова мугалимдерди, ардактуу эс алуудагы ардагерлерди куттуктап, баалуу белектерди, Кыргыз Республикасынын «Билим, илим профсоюзунун отличники» төш белгиси жана Борбордук комитеттин Ардак грамотасын билим берүү тармагында үзүрлүү иштеген кызматкерлерге тапшырды.

Салтанаттын жүрүшүндө таланттуу окуучулар тарабынан мугалимдерге арналган ырлар, бийлер, күүлөр тартууланды.

 

Маалыматты даярдаган: Панфилов райондук КБКнын төрайымы А.Абдраимова