Эмгек ардагери 70 жашта
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин прфсоюзунун Борбордук комитетинин тарабынан жарыяланган “2017-жыл тармактагы адептүүлүк жана укуктук маданиятуулук жылынын” алкагында 2017-жылдын 17-март күнү Баткен областынын Кадамжай районундук билим берүү бөлүмү жана райондук профсоюз комитети тарабынан билим берүү тармагында көп жылдан бери үзүрлүү эмгектенип, азыркы мезгилде ардактуу эс алууда жүргөн Таджибаев Миражидин агайдын 70 жашка курагы белгиленди.
Агайды куттуктоо үчүн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ж.Гайбуллаев, райондук профсоюз комитетинин төрагасы А.Момошов, мурда иштеп кетишкен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчылары жана аппарат кызматкерлери катышышты. Агайды билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин төрагасы З.Бөтөков, БатМУнун окутуучусу М.Тайиров куттукташып, ЭЛТР телеканалынын “Алтын аяк” көрсөтүүсүнө агайдын алгылыктуу иштери, маданияттуулугу, укуктук жактан өз убагында мугалимдерге кам көргөндүгү жөнүндөгү жакшы ой-пикирлерин айтышты. ЭЛТР телеканалынын “Алтын аяк” телеберүүсү 2017-жылдын 28-мартында көрсөтүлдү.
Уюштуруу бөлүмү
К.Акимов