Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Эмгек акынын көтөрүлүшү боюнча өткөрүлгөн семинар

Билим  кызматкерлер  профсоюзунун Кемин  райондук  комитети ,Кемин  райондук билим  берүү  бөлүмү менен  бирдикте Кыргыз Республикасынын өкмөтүнун 9 июль 2015-жыл № 473 токтомунун ишке  ашырылышы  боюнча мектеп  директорлору,окуу-бөлүмүнүн  башчылары,балдар  бакчаларынын  башчылары  менен   семинар  өткөрүлдү.
Семинарда Билим  кызматкерлер  профсоюзунун төрайымы №473  токтомдо  көрсөлүлгөн эмгек  акынын жогорулашы  боюнча  кенири  тушунук  берди. Кемин  райондук  билим  берүү  бөлүмүнүн башкы  экономисти Г.Айтиева сентябрь  айынын  тарификациясынын  түзүлүшү  боюнча жана  башталгыч  класстардын  мугалимдеринин  жана  башталгыч  класска  сабак  берген  мугалимдердин  эмгек  акысынын  көбөйүшүнүн  тартибин   кенири   маалымат берип. Тарификациянын түзүлүшү  боюнча  материалдар  таркатылып  берилди.Семинарда ар кандай   суроолорго  жооптор  берилди.