Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

"Эмгек жана техникалык коопсуздук-мектепке чейинки билим берүү уюмдарында"

2025-жылдын 22-январында Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Бишкек шаардык комитети тарабынан Бишкек шаарындагы  мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери үчүн «Эмгек коопсуздугу жана техникалык коопсуздук-мектепке чейинки билим берүү уюмдарында» аталышында семинар өткөрүлдү.

Бишкек шаарындагы  мектепке чейинки 115 билим берүү уюмдарынын жетекчилери үчүн инструктаждарды өткөрүүнүн тартиби,  киришүү, иш ордуна арналган жана өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрмөлөр берилди. 

Семинардын алкагында Бишкек шаардык билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Т.О. Бараханов  мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери менен профсоюз комитеттеринин төрагалары ортосунда эмгек коопсуздугу боюнча макулдашуу жана актыларды жыл сайын түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Семинарда кызматкерлердин өндүрүштүк жаракат алгандагы жана окуучулардын жаракат алган учурундагы иш-аракеттердин тартиби, ошондой эле жаракатты иликтөө боюнча комиссия түзүү жана иштөө, эмгек өргүүлөрүнүн төлөмү, дарылоо жана материалдык жардам көрсөтүү тартиби да  кеңири түшүндүрүлдү.

 Окутуунун соңунда суроо-жооптор талкууланып,  техникалык коопсуздук жана эмгек коопсуздугу боюнча методикалык материалдар таркатылды.