«Эмгек укуктары» кербени
Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин аппарат башчысы Бедил Кадыркуловдун жетекчилигинде «Эмгек укуктары» кербени Кара- Суу районунда башталды. Кербендин окутуучусу семинарларына Билим,илим кызматкерлеринин Ош областтык кесиптик бирлик комитетинин төрагасы С. Тойгонбаев жана аппарат кызматкерлери, Ош Билим берүү институтунун, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү, Кара- Суу, Алай,Араван жана Чоң- Алай райондорунун мектеп,мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин директорлору жана баштапкы кесиптик уюмдарынын төрага, төрайымдары катышууда.
Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Кара-Суу райондук комитети