Эмгек укуктары боюнча ачык сабак өтүлдү
Жалал-Абад шаарындагы №13 Розы Азимов атындагы орто мектебинде Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясы тарабынан, КР Президентинин Администрациясынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катчылыгы менен биргеликте жогорку класстын окуучуларына эмгек укуктары боюнча ачык сабак өткөрүлдү.
Ага ККБФнын төрагасы Мурадил Джумадилде уулу, Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чыныбаева, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Урматбек Самаев, шаар мэринин орун басары Гулбарчын Таштанбекова, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад шаардык комитетинин төрагасы Максат Мамасыдыков, Жалал-Абад ШИИБнын башчысы жана кызматкерлери, шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы жана окуучулар катышты.
Ачык сабактын алкагында окуучуларга ККБФнын Жаштар кеңешинин өкүлдөрү эмгек келишим, иш убактысынын режими, эмгек акы жана өспүрүмдөр үчүн кепилдиктер тууралуу маалыматтарды беришти.
Сабак учурунда викторина оюну уюштурулуп, жеңүүчүлөр сыйлыктар менен сыйланышты. Окуучулар эмгек мыйзамдары тууралуу кызыктырган суроолоруна жооп алышты.
Бул демилгенин негизги максаты - жаштардын, өспүрүмдөрдүн эмгек мыйзамдары жаатындагы укуктук сабаттуулугун жогорулатуу, кызматкерлердин негизги укуктары жана милдеттери тууралуу маалымат берүү, ошондой эле, эмгек мамилелеринде өз кызыкчылыктарын коргоо жөндөмүн өнүктүрүү болуп саналат.
(Сүрөттөр ККБФнын сайтынан алынды)