Эмгек шарттарын жакшыртуу жана социалдык өнөктөштүктү бекемдөө
2025-жылдын 3-апрелинде Балыкчы шаардык кесиптик бирлик комитети тарабынан семинар өткөрүлдү.
Семинарга мектеп жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилери, баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагалары жана төрайымдары менен жалпы 50дөн ашык кызматкер катышты.
Иш-чаранын алкагында жаңы кабыл алынган Эмгек Кодекси, кызматкерлердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, эмгек шарттарын жакшыртуу жана социалдык өнөктөштүктү бекемдөө багытында жаңы маалыматтар берилди.
Семинарда жылдык пландын негизинде Балыкчы шаардык кесиптик бирликтин төрайымы К.Керимова иш-чаралар жана келечектеги пландар боюнча маалымат берип, ар бир катышуучуга жаңы Эмгек Кодексин таркатты.