Эмгек шарттарын жакшыртуу жана кызматкерлердин укуктарын коргоо боюнча семинар
2025-жылдын 17-18-мартында Жайыл райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрайымы Р.Бадачиева мектеп жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилерине жана баштапкы кесиптик бирлик комитеттеринин төрага/төрайымдары үчүн окутуу семинарын өткөрдү.
Семинарга жалпы 118 адам катышып, Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексине кирген акыркы өзгөртүүлөр боюнча, ошондой эле «Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелер жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө» жана «Жамааттык келишимдер жөнүндө» КР мыйзамдары боюнча түшүндүрмөлөр берилди.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси таркатылып, алардын укуктарын коргоо жана эмгек шарттарын жакшыртуу боюнча маанилүү маалыматтар берилди.