Эмгек кодекси жана отчеттук шайлоо чогулуштары талкууланды
2025-жылдын 7-февралында Жети-Өгүз райондук кесиптик бирлик комитети тарабынан Оргочор айылында жайгашкан М.Тынаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде мектеп, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында жана мектептен тышкаркы мекемелердин баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрага/төрайымдары үчүн семинар уюштурулуп, анда кабыл алынган жаңы Эмгек кодекси жана отчеттук шайлоо чогулуштары талкууланды.
Семинарда КР жаңы Эмгек кодекси боюнча маалымат берилип Эмгек кодексинин негизги жагдайлары жана анын кесиптик бирлик уюмдарына тийгизген таасири талкууланды.
Семинарда мындан сырткары отчеттук кайра шайлоо чогулуштарын өткөрүү боюнча маселе талкууланып, катышуучуларга материалдар таркатылып берилди.
Семинардын негизги максаты — райондогу кесиптик бирлик уюмдарынын ишмердигин жакшыртуу, кызматкерлердин укуктарын коргоо болуп саналат.