Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Эмгек акылар боюнча окуу семинары өткөрүлдү

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областтык комитети Баткен шаарында Билим берүү кызматкерлеринин эмгек акыларынын төлөөдөгү, сабактарды алмаштырып окутуудагы өзгөчөлүктөр жана кошумча толоолор, зыяндуу шартта иштеген кызматкерлерге толоонун шарттары жөнүндө окуу-усулдук семинарын өткөрдү.

Ошондой эле аталган семинарда билим берүү кызматкерлеринин жумушка алуудагы негизги критерийлер, айкалыштырып иштөөдөгү жана эмгек өргүүдөгү өзгөчөлүктөр жөнүндө да маалыматтар берилди. КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин эмгек акылардын төлөнүшү боюнча маалыматтарына кеңири түшүндүрмө берилип, семинар суроо-жооптор менен талкуу түрүндө өткөрүлдү.

Бул семинарга Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин башкы укук жана эмгекти коргоо инспектору Б.Кадыркулов катышып слайддар менен КРнын Өкмөтүнүн 2022-жылдын 30-мартындагы №181 “Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтому менен бекитилген жобо жөнүндө кеңири маалымат берди.

Аталган семинарга Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин райондук, шаардык комитеттеринин төрагалары, Райшаадык билим берүү бөлүмдөрүнүн башкы эсепчилери, экономисттери, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин директорлору, конкурстан өтүп жаңыдан дайындалган мектеп директорлору катышышты.

 

Маалыматты даярдаган: областтык КБКнын уюштуруу иштери боюнча адиси Гапарали уулу Мансур