Эл аралык балдарды коргоо күнү салтанаттуу белгиленди
«1-июнь - Эл аралык балдарды коргоо» күнү Ысык-Көл областынын Ак-Суу районунун борбору Теплоключенка айылында салтанаттуу өткөрүлдү. Райондун аймагындагы бардык 35 айылдардан келген, өлкөбүздүн келечеги болгон жаш жеткинчектерди куттуктоого райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким У.Дөкөнбаев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.Темиралиев, РК профсоюздун төрагасы Э.Садабаев, айылдык Кеңештин депутаттары, айыл өкмөтүнүн башчылары келишти.
Теплоключенка айылында Билим фестивалынын «Балдар ааламы» алкагында төмөндөгүдөй иш-чаралар жүргүзүлдү.
- Жомок дүйнөсү:
- мультфильм көрсөтүү
- пазлдар менен иштөө ( сүйүктүү мультфильмдеги сюжеттер)
- Мастер класстары:
- флористика
- оригами
- ташка сүрөт тартуу
- граттаж
- квилинг
- карвинг
- Профессионалдуу форум классы:
- адистин кеңеши (туура тамактануу, 1-жардам, дарылоо физкультурасы)
- Жалпыга тийиштүү билим классы:
- илимий тасма (Ак илбирс)
- экологиялык оюн-зоок
- Кагазга сүрөт тартуу (Ыйман, адеп жана маданият жылына карата)
- Спорттук оюндар
- улуттук оюндар (жоолук таштамай, экиден турмай, ак терек-көк терек, аркан тартыш ж.б.)
- эстафета жана кыймылдуу оюндар
- Шахмат турнири
- Концерттик-театралдык класс
«Балдар шоу» концерттик программасы
- 1-июнда төрөлгөн балдарды куттуктоо
- Балмуздактарды таратуу
- Бишкектен келген цирк оюндары
- клоундар
- арканда басуучулар
Бул иш чарага Теплоключенка айыл өкмөтү жана демөөрчүлөр тарабынан 40миң сомго жакын акча каражаты бөлүнүп берилди. Кароо-сынактын жеӊүүчүлөрүнө баалуу белектер жана алкыш баракчалары тапшырылды. Жаш жеткинчектер ыр-бийлерди аткарышып райондун жетекчилиги тарабынан көрүлгөн камкордуктарына ыраазычылык билдиришти.
Айжан Төрөева,
Ак-Суу райондук профсоюз комитетинин башкы адиси.