Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Ден соолук - 2022” спартакиадасы

Ош шаарында жогорку жана орто окуу жайларынын окутуучуларынын арасында өтүп жаткан “Ден соолук - 2022” спартакиадасында ОшМУнун окутуучуларынан куралган эркектер жана аялдар командалары жалпы эсеп боюнча I орунга ээ болушту.

Эркектер жана аялдар арасындагы турнирдин катышуучулары спорттун жети түрү боюнча: кичи футбол, стритбол, тогуз коргоол, шахмат, стол тенниси, волейбол жана ордо оюну боюнча күч сынашты.

Мелдештердин жыйынтыгында ОшМУнун аялдар командалары спорттун бардык түрүнөн 1-орунду ээледи. Эркектер арасында ОшМУнун командалары тогуз коргоол, волейбол, шахмат боюнча 40 жаштан жогорку жана 40 жашка чейинкилердин ортосунда өткөн кичи футболдо  1-орунду, ордо, стол теннис боюнча 40 жашка чейинки эркектер арасында, волейбол боюнча 40 жаштан жогорку эркектер арасында  2-орунду, стол тенниси боюнча  40 жаштан жогорку агайлар арасында III орунду ээлешти. Мелдештин жеңүүчүлөрү медаль, диплом менен сыйланып, Ысык-Көлдө өтүүчү турнирге жолдомо алышты.

Спартакиадага Ош шаарындагы жогорку жана орто окуу жайларынын окутуучуларынан куралган сегиз команда катышкан. Мелдештер Ош технологиялык университетинин базасында өттү. ОшМУнун спартакиадага катышкан жалпы оюнчулары Ош мамлекеттик университетинин профсоюз уюмуна колдоо көрсөткөндүгү үчүн, терең ыраазычылык билдирди.

 

Маалыматты даярдаган: ОшМУнун КБКнын башкы адиси А.Айтыкулова