Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

“Ден соолук – 2022” мелдеши жыйынтыкталды

Билим берүү кызматкерлеринин спартакиадасы

Аламүдүн райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун райондук комитети тарабынан уюштурулган райондун билим берүү кызматкерлеринин арасында   спартакиада 2022-жылдын 29-мартында жыйынтыкталды.

Спартакиада спорттун волейбол, стол тенниси жана шахмат боюнча өткөрүлдү. 30 баштапкы профсоюз уюмунан 325 кызматкер катышып, өз күчтөрүн сынашты. Волейбол боюнча оюндар кызуу атандаштыкта өтүп, командалар катышуу гана эмес, жеңишке жетүү үчүн чоң каалоо менен ат салышты. Натыйжада, аялдар арасында Бер-Булак  мектебинин командасы жеңишке жетишти. 2-орунду  №1 Аламүдүн жана 3-орунду Стрельникова атындагы орто мектептери багындырышты. Эркектер 3 зонада биргелешкен 3 команда түзүшүп  ойношту.

Шахмат боюнча 1-орунга И.А.Арматов - Ж.Касымбаева атындагы №2 мектеп-гимназиясы жана Э.Сандыбаева - Озерный орто мектеби; 2-орунга З.Солтонгазиева - Таш-Мойнок орто мектеби жана Р.Кушбаков - Маевка орто мектеби,  3-орунга Ж.Токтоматова - Кайырма орто мектеби жана М.Ысманов - Октябрь орто мектебинин кызматкерлери ээ болушту.

Стол тенниси боюнча 1-орунга П.Сатенова - Ленин орто мектеби жана А.Аттокуров №1 Аламүдүн орто мектеби; 2-орунга  Р.Гашигулин - Төмөнкү- Аларча орто мектеби жана П.Мансурова - №1 Лебединовка мектеп-гимназиясы, ал эми 3-орунга К.Тентимишев Таш-Мойнок  орто мектеби жана Э.Саттарова - Озерный орто мектебинин кызматкерлери жеңишти камсыздашты.

“Мыкты оюнчу” деп Г.Исмаилова, А.Молдогазиева, К.Кулик,  Рыскул к.А., Г.Жумабаева жана А.Курманбекова табылды. Кызыктыруучу сыйлык менен   Озерный орто мектеби, Ж.Касымбаева атындагы №2 мектеп-гимназиясы жана Октябрь орто мектеби сыйланышты.

№6 мектептин дене-тарбия мугалимдерине жана мектеп директорлоруна зоналык мелдештерге  шарт түзүп бергендиги үчүн ыраазычылык каттары тапшырылды.

Жеңүүчүлөр билим  берүү кызматкерлеринин райондук профсоюз комитети тарабынан дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Мындай иш-чаралар достук мамилелерди, биримдикти жана ынтымакты бекемдөөгө да шарт түзөт. 

 

Маалыматты даярдаган: Аламүдүн райондук КБКнын төрайымы Б.Намазбекова