Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Cоциалдык коргоо жана кесиптик уюм кызматкерлеринин күнү белгиленди

2024-жылдын 18-октябрында Баткен шаарында Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областтык комитети тарабынан Cоциалдык коргоо жана кесиптик бирлик кызматкерлеринин күнү белгиленди.

Иш-чарага Кыргызстан кесиптик бирликтер Федерациясынын Баткен областындагы өкүлү Х.Айкынов, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областык комитетинин төрагасы З.Бөтөков, Баткен  райондук, Баткен шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, Баткен областынын райондук,шаардык кесиптик бирлик комитеттеринин төрага, төрайымдары жана “Мыкты жаш профсоюз лидери-2024” кароо сынагынын областтык турунун женүүчүлөрү катышышты.

Иш чаранын башталышында  З.Бөтөков  Cоциалдык коргоо жана кесиптик бирлик кызматкерлеринин күнү менен куттуктап КР билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети жана областтык комитет тарабынан аткарылып жаткан иштерге токтолуп өттү. Андан соң Кыргызстан кесиптик бирликтер Федерациясынын Баткен областындагы өкүлү Х.Айкынов кесиптик бирликтин төрага.төрайымдарын майрамы менен куттуктады.

Баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын ишмердүүлүгү деген темада Билим  жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областтык комитетинин уюштурууу, укук, эмгекти коргоо боюнча адиси Гапарали уулу Мансур презентация жасап жер-жерлердеги баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын ишмердүүлүктөрүнөн даярдалган видеоролик менен тааныштырды.

Иш чаранын сонунда Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин мыктысы төш белгиси жана Борбордук комитеттин Ардак грамотасы, Билим  жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областтык комитети тарабынан уюштурулган “Мыкты жаш профсоюз лидери-2024” кароо сынагынын  жыйынтыгы  чыгарылып областтык комитеттин 1-2-3-даражадагы дипломдору, Ардак грамоталары жана баалуу белектер менен сыйланышты.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Баткен областтык комитетинин адиси Гапарали уулу Мансур