“Чынгыз Айтматов 90 жашта”
Жалал-Абад шаарындагы №21 “Учкун” мектепке чейинки билим берүү уюмунда Чынгыз Айтматовду эскерүү кечеси болуп өттү.
Аталган кечеге шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев жана Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад шаардык комитетинин төрагасы Кеңешбек Акунов катышты.
Кеченин жүрүшүндө бала бакчада тарбияланып жаткан балдар концерттик программа менен өздөрүнүн таланттарын көргөзүштү.
Маалыматты даярдаган: шааркомдун адиси М.Мамасыдыков