Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Чүй районунда кесиптик бирлик мүчөлөрүнө жардам көрсөтүлдү

2021-жылдын 10-майында Чүй облустук мамлекеттик администрациясы тарабынан Чүй районундагы 17 билим берүү уюмдарынын 17 кесиптик бирлик мүчөлөрүнө материалдык жардам көрсөтүлдү. Бардык билим берүү уюмдарынан материалдык жардамга муктаж болгон кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн тизмеси топтолгон. Анын ичинен категорияларына карап 17 кесиптик бирлик мүчөсү такталды, материалдык жардам берүүгө тизме Чүй райондук билим берүү кызматкерлеринин президиумунда бекитилип Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык бөлүмүнө өткөрүлгөн.  Материалдык жардамдарды Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы М.Осмоналиев сөз сүйлөп тапшырды. Материалдык жардам алган билим берүү кызматкерлери терең ыраазычылыктарын билдирип кубанычтуу кайтышты.

 

Маалыматты даярдаган: Чүй райКБКнын төрагасы С.Наматов