Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Чаткалдын 1- агартуучуларынан С.Дозоновтун ысмы ыйгарылды

         Чаткалда 2018-2019 окуу  жылынынын  башында  Каныш-кия  айыл  аймагындагы  Башкы-Терек  орто  мектебине Чаткалдын 1- агартуучуларынан Сатыбалды  агай Дозоновтун  ысмын  ыйгаруу   салтанаты болуп  өттү.

         Иш-чарага  райондун  акими  Канжарбек  Эшалиев  баш   болгон, райондук  ишкана, мекемелердин  жетекчилери, коомчулуктун  өкүлдөрү,  ата-энелер  катышты. Аземде  марафон  өткөрүлүп, мектептин окуу-материалдык  базасын  чыңдоого  жардам  катарында  92  миң  сом  накталай  акча  жана  11 майда жандыктар  жыйналды. 

      Мындай  иш-чаралар  райадминистарция, райондук  билим  берүү  бөлүмү, райондук  профсоюздук  комитет  менен  “Билим  берүү  тармагын социалдык-экономикалык  шарттарын  жакшыртуу үчүн түзүлгөн  МАКУЛДАШУУнун” талаптарын аткаруу  максатында өткөрүлүүдө.

Материалды  даярдаган: Чаткал  райкомунун  төрагасы- Кудайбердиев  Ы.К.