Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Чаткалда «Жылдын мыкты тарбиячысы» аныкталды

2022-жылдын 11-12-апрелинде Айгыр-Жал айылындагы "Нур Билим" бала бакчасында райондогу мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиячыларынын арасында "Жылдын тарбиячысы-2022" кароо-сынагы болуп өттү.

Сынакка райондогу жалпы 22 балдар бакчаларынын ичинен тарбиячылар катышты. Катышуучулар сынактын программасында көрсөтүлгөндөй, слайдшоу аркылуу өзүн тааныштыруу, тест тапшыруу, сабак өтүү сыяктуу тапшырмаларды аткарышты.

Сынактын жүрүшү райондук билим берүү бөлүмү тарабынан атайын түзүлгөн комиссия тарабынан көзөмөлдөндү. Соңунда жеңүүчүлөр аныкталып, алдыңкы орундарды ээлеген катышуучуларга байгелүү сыйлыктар тапшырылды.

Тактап айтканда, Баш байгени "Чебурашка" балдар бакчасынын тарбиячысы Гүлзат Дөлөкеева жеңип алды. Ал эми 1-орун эки катышуучуга, "Алтын бешик" бала бакчасынын тарбиячысы Назгүл Субановага жана "Келечек" бала бакчасынын тарбиячысы Турдалиева Нуризага ыйгарылды. 2-орунга "Айнуру" бала бакчасынын тарбиячысы Батма Айтимбетова ээ болду. Ал эми, 3-орун "Бүчүр" бала бакчасынын тарбиячысы Гүлшайыр Арзыматовага берилди.

Жеңүүчүлөргө сыйлыктарды райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин орун басары Алтынай Таштанбаева, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тажибай Тынышов жана райондогу билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы Ызан Кудайбердиевдер тапшырышты.

Бардык катышуучуларга сынактагы активдүүлүгү үчүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин орун басары Алтынай Таштанбаева райондук мамлекеттик администрациясынын атынан "Алкыш" баракчаларын тапшырды.

Алтынай Таштанбаева быйылкы "Жылдын тарбиячысы-2022" жана "Жылдын мугалими-2022" сынактарынын жеңүүчүлөрү райондук жетекчиликтин колдоосу менен жайкы эс алууга жиберилээрин, бул демилге район башчысы Алтынбек Сеңиребаев тарабынан көтөрүлгөндүгүн жана бул демилгени ишке ашырууга райондук жетекчилик тарабынан аракеттер көрүлөөрүн билдирди.

 

Маалыматты даярдаган: Чаткал райКБКнын  төрагасы Ы.Кудайбердиев